Миллер: 2016-жылы Кыргызстанды газ менен камсыздоо эки эсе күчөтүлөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүМиллер: 2016-жылы Кыргызстанды газ менен камсыздоо эки эсе күчөтүлөт
Миллер: 2016-жылы Кыргызстанды газ менен камсыздоо эки эсе күчөтүлөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иштер "Газпром" компаниясынын Кыргызстанды 2030-жылга чейин газ менен камсыздоо жана газ өткөрүү башкы схемасынын алкагында ишке ашууда.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 2016-жылы магистралдык газ түтүгү аягына чыгып, өлкөнүн түндүк аймагын газ менен камсыздоо эки эсеге күчөтүлө турганын "Газпром" ишканасынын төрагасы Алексей Миллер президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, компания бардык алган милдеттемелерин өз мөөнөтүндө аткарууда. 

"Кыргыз өкмөтү менен бирге кыш мезгилине даярдыкты талкуулайбыз. Иш бардык багыт боюнча жүрүп жатат. Алдыдагы кыш мезгилин былтыркыдай эле камдуу өткөрөбүз деген ишенимдемин", — деди Миллер.

Өз кезегинде өлкө башчы макулдашууларга ылайык пландаштырылган иштердин аткарылышы менен канааттанганын белгиледи.

"Мындай жетишкендиктер кубандырбай койбойт. Ишкана тарабынан жасалган аракеттер, салынган инвестициялар Кыргызстанга чоң жардам болот", — деди президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө магистралдык газ түтүктөрүн куруу, аймактарды газ менен камсыздоо, объектилерди реконструкциялоо маселелери талкууланды.

Аталган иштер "Газпром" компаниясынын Кыргызстанды 2030-жылга чейин газ менен камсыздоо жана газ өткөрүү башкы схемасынын алкагында ишке ашууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0