Атамбаев Кытай жана Иран жетекчилери менен темир жол курулушун талкуулайт

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Кыргызстан жакын арада жарды өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланарын белгиледи.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында темир жолдун курулушу сентябрь айында талкуулана турганын президент Алмазбек Атамбаев Эгемендик майрамына карата сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев выступил на центральной площади Ала-Тоо с поздравительной речью по случаю празднования Дня независимости. - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: өлкөнүн стабилдүүлүгү кыл учунда
Сентябрдын башында Атамбаев Кытай менен Иранга барат. Аталган өлкөлөрдүн лидерлери менен президент Кытай, Иран жана Өзбекстанга карай Кыргызстандын аймагында курула турган темир жол маселесин талкууланат.

Мындан тышкары, президент жакынкы эки жыл аралыгында унаа көз карандысыздыгына жетишүү боюнча аракеттер аягына чыгарын белгиледи.

Атамбаев Кыргызстан жакын арада жарды өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланарын айтып, Кытайдан Тажикстан менен Казакстанга карай кетчү эл аралык трассалардын курулушу аяктоо алдында турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0