Атамбаев: эки жылда Камбар-Ата-2 менен Жогорку-Нарын каскадынын 1-ГЭСин бүтүрүү зарыл

Жазылуу
Мамлекет башчысы Бишкек жылуулук борборунун жана Токтогул ГЭСинин реконструкциясын тездетүү зарылдыгын айтты.

КЕМИН, 28-авг. — Sputnik. Эки жылдын ичинде Камбар-Ата-2 ГЭСин толук ишке киргизип, Жогорку-Нарын каскадынын биринчи ГЭСин салып бүтүрүү керек. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясынын ишке киргизүү салтанатында билдирди. 

"Мындан сырткары, Бишкек жылуулук борборунун жана Токтогул ГЭСинин реконструкциясын тездетүү кажет", — деди өлкө башчысы.

"Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу иштери 2012-жылы башталган. 500 киловольттуу "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы түштүктөгү "Датка" жана түндүктөгү "Кемин" подстанцияларын туташтырат, анын жалпы узундугу 405 чакырымга жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0