Улуттук электр тармактары: "Кемин" көмөк чордонун курулушу менен коңшулардан көз каранды болбойбуз

© Пресс-служба НЭСКДатка-Кемин электр станциясы. Архив
Датка-Кемин электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы ишке кирип жаткан долбоордун жалпы суммасы 390 миллионго жакын долларды түзөт.

КЕМИН, 29-авг. — Sputnik. "Кемин" көмөк чордонунун ишке кириши менен Кыргызстан коңшуларынан электр көз карандылыгынан кутулат. Бул тууралуу Кыргызстан Улуттук электр тармактары ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Бекбоо Маматбеков билдирди.

Ал ошондой эле, "Датка" көмөк чордонунан "Кемин" көмөк чордонуна тартылган электр зымдары эми Кыргызстандын түндүк аймагын электр энергиясы менен кынтыксыз камсыздай турганын кошумчалады.

"Мурда түштүктөн түндүккө электр энергиясын алып келүүдө Өзбекстан, Казакстан аркылуу алып келип, 8-9 миллион доллар жумшачубуз. Эми биз бул көз карандылыктан кутулдук", — деди ал.

"Кемин" көмөк чордонунун кубаты 500 киловольтту түзөт. Ал Кыргызстандын түндүк аймагын толук түрдө камсыздай алат.

"Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы ишке киргизилди
"Датка – Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу иштери 2012-жылы башталган. 500 киловольттуу "Датка — Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы түштүктөгү "Датка" жана түндүктөгү "Кемин" подстанцияларын туташтырат анын жалпы узундугу 405 чакырымга жетет. Курулуш иштеринин алкагында кошумча 500 мегаватт кубаттуулуктагы автотрансформатор орнотуу жана "Ала-Арча" подстанциясындагы 200 мегаваттык эки автотрансформаторду 220 мегаваттык менен алмаштыруу каралган. 

Долбоордун жалпы суммасы 390 миллионго жакын долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0