Унаа сатуучулар соода көлөмү күзүндө жогорулай турганына ишеним артат

© Sputnik / Нуржан НайзабековаВоенно-Антоновка айылындагы "Риом" автоунаа базары. Архив
Военно-Антоновка айылындагы Риом автоунаа базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа рыногу учурда жымжырт абалда турат. "Темир тулпарларды" сатуунун деңгээли абдан төмөн. Унаа сатуучулар күзүндө түшүм жыйналгандан кийин соода жылат деген ишенимде.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандын унаа рыногу эч жылыш жок абалда турганын Sputnik агенттигине Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Нурбек Турсунбаев билдирди.

Ушу тапта Россияда унаанын баасы жогорулап жатканы байкоого болот. "Коммерсант" гезитинин айтымында, автоконцерндер күз мезгилин утурлай бааларды көтөрө баштады. 

Сом жана доллар валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: доллар күзүндө 75ке чейин чыгып кетиши мүмкүн
Рубль курсунун төмөндөшү менен 1-сентябрдан тарта Ford, Suzuki, Peugeot жана Citroen компаниялары өз бааларын беш пайызга жогорулатууда. Басылма бул башталышы гана экенин, азырынча унаа заводдору рубль курсу жай ылдыйлап жатканын эске алып турушканы менен, күзүндө унаага болгон баа кескин жогорулай турганын белгилейт.

Кыргызстанда абал бир аз башкача. Жергиликтүү рынок расмий өкүлдөр менен иштешпестен, пайдалануудагы унааларды колдон сатып алууну артык көрөт. 

Турсунбаевдин айтымында, азыр рынокто жымжырттык өкүм сүрүүдө. Баары тең түшүм жыйнала турган күз мезгилин күтүп жатышат.

"Унаалар аз  сатылууда. Көбүнчө өз баасына же андан да төмөн баа кетип жатат. Накталай акчага муктаждык курч, анткени адамдар аны айлантышы керек, кредит төлөө зарыл", — деди ал.

Турсунбаев сатуунун көлөмү жогорулап, мындан улам баа да өсөрүнө ишеним артат. 

Унаа сатуу менен алектенген сайттардын биринин модератору Sputnik агенттигине өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу унааларды он-лайн сатуу рыноктогудай эле төмөн экенин билдирди.

"Буга валюта курсунун кескин жогорулашы, акчанын тартыштыгы себеп болууда. Жергиликтүү рынокто унаа абдан көп", — деди маектеш.

Ал күз айларында пайда болгон активдүүлүктөн улам соода жандана турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0