Монголдор Чүйдүн эки миң дарбызынын даамын татат

© Sputnik / Валерий Морев / Медиабанкка өтүүДарбыз чогултуу. Архив
Дарбыз чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жашылча-жемиш өндүрүүчүлөр экспорттуу рынокту кеңейтүүдө. Чүйдүн дарбыздары эми Монголияга жөнөтүлөт. Дарбыздан тышкары, монгол туугандар кыргыздын алма жана алмуруттарынын даамын татат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстан Монголияга Чүй облусунан 19 тонна дарбыз жөнөткөнүн Sputnik агенттигине "Кыргызфрукт" ишканасынын башкы директору Жалалидин Шакиров билдирди.

Анын айтымында, бул дарбыздын Монголияга жөнөтүлгөн экинчи партиясы.

"Экспорт маселесине абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасадык. Ар бир коробкага төрттөн дарбыз салдык, бул аны ташып жана сактоону жеңилдетет. Дарбыздын бир коробкасы 104 сомго бааланды", — дейт Шакиров.

Ал жакын арада монгол дүкөндөрү кыргыздын алма жана алмуруттары менен камсыз болорун кошумчалады.

"Биз эмки жумадан баштап 20 тоннадан алма жана алмурут жеткирүү боюнча сүйлөштүк. Монголдор биздин сапатты жана салыштырмалуу арзан баабызды жогору баалашат. Мындан ары да аталган мөмө-жемиштин импортун өнүктүрүүнү пландашууда", — дейт ишкана жетекчиси.

Шакиров Улан-Баторго кургатылган мөмө-жемиш жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

Буга чейин кыргызстандык өндүрүүчүлөр Европага жаңгакты экспорттой баштаганы, ал эми Россияга жашылча-жемишти жеткирүүнү көбөйткөнү маалымдалган.

Даамдуу дарбыз тандоо эрежелерин Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0