Улуттук банк сомдун курсун долларга карата 2,4 пайызга төмөндөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековСом жана доллар купюралары. Архив
Сом жана доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү Бишкектин акча алмаштыруу жайларында сом долларга карата өстү: америкалык валюта 64 сомдон алынып, 64,7 сомдон сатылууда. Жума күнү бир доллар 65-67 сомго бааланган.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы сомдук расмий курсун 2,4 пайызга төмөндөткөнүн расмий сайтына жарыялады. 

Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин долларга карата эркин баасына өтүүсү боюнча чечиминен кийин сомдун да доллар менен еврого карата наркы төмөндөп кеткен. Жеке акча алмаштыруу жайларында эки сутканын ичинде сомдун курсу беш пайызга кыскарган. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сомдун курсу кызыл кулактыктан улам төмөндөп жатканын, мекеме кескин секириктерге жол бербей турганын билдирген.

Акча купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экономист: теңгенин түшүүсү КРди экономиканы же калкты тандоого мажбур кылат
Банктар аралык рыноктогу сооданын жыйынтыгы менен жума күнү кечинде Улуттук банк сомдун долларга карата расмий курсу 2,42 пайызга же 62,14төн 63,65 сомго чейин төмөндөткөн.

Ишемби күнү Бишкектин акча алмаштыруу жайларында сом долларга карата өстү: америкалык валюта 64 сомдон алынып, 64,7 сомдон сатылууда. Жума күнү бир доллар 65-67 сомго бааланган.

Жай айларында сомдун долларга карата курсу республика үчүн пайдалуу деп эсептелинет. Бул туристтердин Ысык-Көлгө келишине байланыштуу. Сезон учурунда бул жерге миллионго жакын туристтер эс алууга келип, калкынын саны алты миллионго жакындаган Кыргызстандын экономикасы үчүн чет элдик валютанын агымын камсыздайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0