Кыргыз-казак чек арасында фитосанитардык көзөмөл жоюлду

© Sputnik / Табылды КадырбековЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу менен 12-август күнү кыргыз-казак чек арасында бардык бажы процедуралары жоюлган. Эксперт Сергей Пономарев көзөмөлдүн жоюлушу бизнестин өнүгүшү үчүн чоң өбөлгө болорун белгилейт.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын чечими менен кыргыз-казак чек арасындагы санитардык-карантиндик жана карантиндик фитосанитардык көзөмөл жоюлганын ЕЭК маалымат кызматы кабарлайт.

Ак-Жол чек ара текшерүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы транспорт көзөмөлү ЕАЭБдин тышкы чек араларына жылды
Буга чейин Казакстандын Айыл чарба министрлиги КР ветеринардык кызматтары азырынча ветеринардык коопсуздукту камсыздоого даяр эместигин билдирген. 

Рынок, Тейлөө жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев көзөмөлдүн жоюлушу бизнес үчүн жакшы жаңылык экенин белгилейт. Анын айтымында, мамлекет менен бизнестин ортосундагы тосмолордун азайышы анын өнүгүшү үчүн чоң өбөлгө болот.

"Мал ылаңынан коркуп жаткан казак тарапты да түшүнүү керек. Бирок Кыргызстандагы абал алар кооптонгондой курч эмес. Бизде мал оорулары бар, бирок калкка коркунуч жараткыдай эпидемияга чейин айланып кеткен эмес. Анын үстүнө экспортко коюлган бардык продукция лабораторияларда көзөмөлдөн өтөт", — деди эксперт.

Пономарев өндүрүүчүлөргө биргеликте көзөмөл жасоо зарыл экенин билдирди.

"Эгер Казакстандын көзөмөл кызматтары бизге келип текшерип турса, өз кезегинде биздикилер алардыкын көзөмөлдөп турса, мындан эки мамлекет гана утушка жетишмек. Бирдиктүү көзөмөл эки өлкөнү сапатты жакшыртууга шыктантып турмак", — дейт ал.

Адис экспортко коюлган товарларга штрих-код коюну сунуштайт. 

"Мисалы, штрих-код боюнча өндүрүүчү, товардын чыгарылышы, малдын качан союлганы, ага ким сертификат бергени туурасында бардык маалымат менен таанышууга болот. Мында көзөмөл катуулап, өндүрүүчүлөр да жоопкерчиликтүү болушат", — деди эксперт.

Атамбаев: бажы көзөмөлү алынсын! Бажы көзөмөлүн алуу учурундагы аземден көрүнүш
Пономарев экспорттолуучу жашылча-жемиш, эт жана сүт азыктарында көйгөйлүү маселе жок экенин, көбүнчө элдик керектөөдөгү товарлар боюнча кыйынчылыктар жаралып жатканын белгиледи.

Кыргызстан август айынан тарта Армния, Белоруссия, Казакстан жана Россия менен катар ЕАЭБге толук кандуу мүчө болду. Мындан улам кыргыз-казак чек арасындагы бардык бажы процедуралары жоюлган. Кыргызстандын аймагында бирдиктүү бажы тарифи жана ЕАЭБ ишмердүүлүгүнүн тышкы экономикалык бирдиктүү товар номенклатурасы жана Бажы союзунун техникалык регламенти тарабынан продукцияга болгон бирдиктүү талап бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0