Казакстандын президенти "демилгелерге мораторий" киргизмекчи

© Фото / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти "демилгелерге мораторий" киргизмекчи
Казакстандын президенти демилгелерге мораторий киргизмекчи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурсултан Назарбаев 2018-жылга чейин түрдүү демилгелерди жүргүзүүгө мораторий орнотуу менен бюджеттин жетишсиздигин кыскартууну пландап жатат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бюджеттин жетишсиздигин кыскартуу үчүн ар түрдүү демилгелерди жүргүзүүгө мораторий жарыялоо зарылдыгын айтты. Бул туурасында шаршемби күнү экономикалык саясаттын тутумдуу иш-чаралары боюнча өткөн кеңешменин жыйынтында айтылган.

Маалымдалгандай, иш-чаранын жүрүшүнө "дүйнөлүк рынокто абал начарлап турган шартта өлкөнүн экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу боюнча багыттар талкууланган". Мамлекет башчысы Казакстандын экономикасына узак мөөнөттүү келечекте таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон бир катар терс факторлорду атаган.

"Биринчиден, мунай менен металлдын төмөн баасы, эксперттердин пикиринде, беш жылга чейин сакталышы мүмкүн. Экинчиден, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн инвестициялык жана капиталдык жактан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Үчүнчүдөн, биздин башкы өнөктөштөрүбүз болгон Россия менен Кытай тараптан суроо-талаптын алсыздыгынан Казакстандын өндүрүмүн сатуу рыногу кыскарууда", — деди Назарбаев. 

Акча алмаштыруу жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Теңге арзандашынан акча алмаштыруу жайлары бааны өзгөртүүгө жетишпей жатат
Казакстандын президенти калыптанган жагдайда мамлекетте тең салмактуу бюджеттик жана монетардык саясатты камсыз кылып, экономикалык өсүштү колдоо максатында глобалдуу сынактарга туруштук берүү үчүн алдын алуучу натыйжалуу чаралар талап кылынарын айтты. Мамлекет башчысы жаңы экономикалык шарттарды эске алуу менен, мунайдын бир баррели 30-40 доллар баасына ылайыкташуу керектигин белгиледи. 

"Мурунку жылдары биз көп талашып, штаттарды жана эмгек акысын көтөргөнбүз. Бирок азыр каражаттын жетишсиздиги байкалууда, ушуга байланыштуу жаңы долбоорлорго чыгымдар кирешени кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү менен катуу чектелген болот. Ошондуктан 2018-жылга чейин түрдүү демилгелерге мораторий киргизүү зарыл. Бул аргасыз көрүлүп жаткан чара жана ал учурдагы шарттарга жараша көрүлүшү керек", — деди Казакстандын президенти.

Назарбаев республикалык бюджеттин жетишсиздигин 2018-жылга карата 1 пайызга кыскартууну тапшырып, жетишсиздикти каржылоо ички резервдердин гана эсебинен болушу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0