"Түндүкэлектро" ишканасы 158 чакырым ток өткөргүч зымдарды оңдоду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр оңдоо иштерин кылган кызматкер. Архив
Электр оңдоо иштерин кылган кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиянын KfW өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорунун эсебинен дагы электр тогун өткөрүүчү 445 чакырым зым оңдолот.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. "Түндүкэлектро" ААК Бишкек шаарында 0,4 киловольт электр кубатын өткөрүүчү зымдарды оңдоо иштерин жүргүзүп жатканын компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Оңдоодо электр кубатын өз алдынча алып жүрүүчү, изоляцияланган зымдар колдонулууда.

"2015-жылдын башынан бери Бишкектин чыгыш жана батыш бөлүгүндөгү электр тармактарында 0,4 кВ 158 чакырым электр кубатын өткөргүчтөр оңдолду. Электр кубатын бөлүштүргүч түйүндөрдү оңдоодо 1 миң 318 эски жыгач тирөөчтөр жаңы темир-бетон тирөөчтөргө алмаштырылды", — деп билдиришти компаниядан.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй менен Таласта электр энергиясынын абалы жакшырат
Германиянын KfW өнүктүрүү банкы каржылап жаткан "Электр кубатын бөлүштүргүч түйүндөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу" жана "Бишкектин жергиликтүү түйүндөрүн жакшыртуу" инвестдолбоорлорунун алкагында "Түндүкэлектро" ишканасы борбордо электр кубатын өз алдынча алып жүрүүчү, изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 0,4 киловольттуу 445 чакырым түйүндү оңоп чыгат. 

Биринчи баскычта 2012-2014-жылдары 262 чакырым өткөргүч оңдолуп, калган ишти быйыл бүтүрүү пландалууда. 

Электр кубатын өз алдынча алып жүрүүчү, изоляцияланган зымдарга кар жабышпайт, шамалга туруктуу жана муз менен капталып тоңуп калган учурда ишенимдүү, салмагы жеңил келет. Авариялык кайра калыбына келтирүү иштеринин кыскарышынын эсебинен бөлүштүрүүчү компаниянын эксплуатациялык чыгымдары да төмөндөй турганын АККдан кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0