Эки жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын пенсиясы жөнүндө келишимге кол коюлат

Жазылуу
Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Асанбаевдин айтымында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыздоо боюнча келишимдин долбоору бар.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эки жыл ичинде ЕАЭБ жарандарынын пенсиясы жөнүндө келишимге кол коюла турганын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев билдирди.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу боюнча келишимди Казакстан акыркылардан болуп ратификациялады. Кыргызстандын ЕАЭБ менен болгон чек арасынын ачылышы ушул жумада күтүлүүдө.

Асанбаевдин айтымында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыздоо боюнча келишимдин долбоору бар.

"Маселе каралып жатат. Советтер союзу тарагандан кийин мамлекеттердин пенсия системасы ар кандай өнүккөн. Аларды төлөө жана чогултуу тартиби да түрдүү", — деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, ЕАЭБдеги пенсия системасын бир калыпка келтирүү үчүн эки жыл керектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0