Башкыртстанга Ысык-Көлдөн 6 КамАЗ абрикос жөнөтүлдү

Жазылуу
Уфанын дүкөндөрүндө Ысык-Көл облусунун абрикостору пайда боло баштады. Башкыртстан 60 тонна жемиштин килограммын 70 рублден сатып алды.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Көлдүн 60 тонна абрикосу Башкырстанга жөнөтүлгөнүн Sputnik агенттигине Экономика министрлигинин тышкы соода багытындагы "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын өкүлү Улан Мамытов билдирди.

Буга чейин Кыргызстанда өндүрүлгөн товардын сынамак партиясын Башкыртстанга жөнөтүү боюнча "Кыргызстан — Башкыртстан" соода-өнөр жай палатасынын өкүлү менен "Кыргызстан— Башкыртстан" соода үйүнүн директору Валий Турдугуловдун ортосунда келишим түзүлгөн.

Мамытовдун айтымында, абрикос жеткирүү көлдүк дыйкандар менен башкыр ишкерлерин байланыштырган "Бирдиктүү терезе борбору" МИ аракети менен ишке ашкан. 

"Абрикос дүң баада — килограммы 70 рублден сатылды. Учурда алар Уфанын көптөгөн дүкөндөрүндө сатылып жатат. Сатуу жана сатып алуу процедуралары болгону эки күнгө созулду", — деди Мамытов.

Ал ЕАЭБ менен бажы тосмолорунун ачылышы менен жашылча-жемиштерди сатуу көлөмү жогорулай турганын кошумчалады.

"Алар Кыргызстандын продукциясын ири көлөмдө алууга даяр, болгону тийиштүү документтер болсо болду", — деди министрликтин өкүлү.

"Бирдиктүү терезе борбору" өкүлчүлүгү "Кыргызстанда жасалган" маркасы менен жергиликтүү продукцияны Красноярск крайы, Томск жана Новосибирск облустары, Ханты-Мансийск автономдуу округу жана Крым республикасына импорттоону көздөп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0