КРдин алтын-валюталык коруна эки "Мистраль" жана Роналду менен Мессини сатып алса болот

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАлтын куймалар. Архив
Алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын эл аралык алтын-валюталык резерви 1,9 миллиард долларды түзөт, анын бир бөлүгү алтын түрүндө сакталган. Бул каражатка вертолет ташуучу эки кеме жана дүйнөлүк футболчулардын айрымдарын сатып алууга болот.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандын алтын-валюталык заgасы эки "Мистраль" кемесин жана Криштиану Роналду менен Лионель Мессини сатып алууга кенен жетет.

"Июлдун аягына карата эл аралык резерв 1 миллиард 890,2 миллион долларды түздү", — деп билдирди Sputnik агенттигине Улуттук банк.

"Иштамберди" алтын кени 20-сентябрда ишке киргизилет
Үстүбүздөгү жылдын май айына карата алтындын үлүшү 153,68 миллион долларды түзгөн.

Банктын маалыматында эл аралык резерв 12 валюта, алтын жана карыз алуунун атайы укугунан турат.

Россия менен "мистраль" куруу боюнча 2011-жылы түзүлгөн келишимдин баасы бүгүнкү күндүн курсу менен 1,2 миллиард евро же 1,3 миллиард долларды түзгөн. Спорт изилдөөлөрү боюнча эл аралык борбордун маалыматына ылайык, "Барселонанын" оюнчусу Лионель Месси 214 миллион еврого, ал эми "Реалдын" футболчусу Криштиану Роналду 114 миллион еврого бааланууда. Эки оюнчунун жалпы суммасы 360 миллион долларды түзөт. Демек, Кыргызстандын запасы эки кеме жана дүйнөлүк эки футболчуну сатып алууга кенен жетип, керек болсо ашып да калат.

Эмне үчүн кыргызстандыктар сактаган акчаларын алтын түрүндө кармаганы оң? Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0