Мэр Кулматов Казандан Евразиялык аймакты өнүктүрүүнүн жолдорун үйрөнүп келет

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казань шаарында Евразиянын жергиликтүү бийлигинин конгресси өз ишин баштады. Ага Россия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Монголия, Тажикстан, Украина мамлекеттеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилери катышууда.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Казань шаарында ачылып жаткан Евразиянын жергиликтүү бийлик конгрессине Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катыша турганын Sputnik агенттигине шаардык мэрия кабарлады. 

КР жарандары Самара жана Казанда биометрикалык маалыматтарын тапшыра алышат
Маалыматка ылайык, иш-чарада Россия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Монголия, Тажикстан, Украина мамлекеттеринин 100дөн ашуун шаар башчылары евразиялык интеграция маселелерин талкуулайт.

Конгресстин ачылышына Татарстан президентинин милдетин аткаруучу Рустам Минниханов менен РФ президентинин жардамчысы Сергей Глазьевдин катышуусу күтүлүүдө.

"Конгресс "Глобалдуу өнүгүү үчүн жергиликтүү чечимдер: Евразия интеграциясына карай" деген аталыш алдында өтөт", — деп билдирди Казань шаарынын мэриясы.

Шаар жетекчилеринин жыйыны евразиялык кызматташууну жана геосаясий аймактын биримдиги менен ынтымагын бекемдөөгө багытталат.

Аталган конгресс үч жылда бир жолу өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0