Салык төлөөчүлөрдүн карызы акырындап эсептен чыгарылат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКагазга жазуу жана эсеп машинасы. Архив
Кагазга жазуу жана эсеп машинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамдын негизги максаты – салык төлөөчүлөрдүн каржылык-экономикалык абалын турукташтыруу жана колдоо.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул туурасында өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Мыйзамдын негизги максаты – салык төлөөчүлөрдүн каржылык-экономикалык абалын турукташтыруу жана колдоо. Анда кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык жана бажы төлөмдөрү боюнча карыздарды төлөө мөөнөтүнө жараша толук же бир аздап эсептен чыгаруу каралган.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0