Өкмөт алыскы-жуук мамлекеттер менен экономикалык алакабыз ойдогудай эместигин айтууда

Жазылуу
Вице-премьер-министр Кыргызстан айрым мамлекеттер менен мамилелерди жаңыдан гана түзүп келе жатканын белгилеп, товар жүгүртүү, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү үчүн бул жаатта бир топ иштерди аткаруу зарыл экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Кыргызстан Иран, Кытай, Германия жана Түркмөнстан ыяктуу өлкөлөр менен кызматташууну кеңейтиши керектигин вице-премьер-министр Валерий Диль билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн КРдин жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусу боюнча жыйын болгонун кабарлады.

"Айрым өлкөлөр менен кызматташуунун бардык потенциалы пайдаланылбай жатат. Бул өзгөчө тышкы экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселесинде байкалат. Мындан улам, тийиштүү министрлик жана мекемелер өкмөт аралык комиссиялардын жыйындарына олуттуу даярдык менен келүүсү зарыл. Кабыл алынган чечимдер натыйжасын берүү үчүн жыйындардын күн тартибин конкреттештирүү керек", — деди Диль.

Вице-премьер-министр Кыргызстан айрым мамлекеттер менен мамилелерди жаңыдан гана түзүп келе жатканын белгилеп, товар жүгүртүү, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү үчүн бул жаатта бир топ иштерди аткаруу зарыл экенин кошумчалады.

Атка минер учурда визалык тартипти жеңилдетүү, түз аба каттамдарын ачуу, капиталды эркин жүгүртүү сыяктуу маселелерге басым жасоо керектигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0