Бюджет кирешеси эмдиги жылы 138,4 млрд. сомду түзөт

Жазылуу
Салыктык эмес киреше 2016-2018-жылдардын аралыгында орточо эсеп менен 15,6 миллиард сомго көбөйөт.

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Республикалык бюджеттин кирешеси 2016-жылда 138,4 миллиард сом болору болжолдонууда. Мындай божомолду Каржы министрлиги билдирди.

Документке ылайык, негизинен бюджет түшкөн каражат көлөмүнүн өсүшү сакталат. Киреше 2016-жылы боло турган 138,4 миллиарддан 2018-жылы 161 миллиард сомго чейин жогорулашы божомолдонууда. Мында алардын ИДП көлөмү 2,4 пайызга төмөндөйт.

"Бул салык кирешесинин (0,9 пайызга чейин) жана салыктык эмес кирешенин (0,7 пайызга чейин) төмөндөшү менен байланыштуу", — деп айтылат билдирүүдө.

Киреше салык төлөмдөрүнүн көбөйүшүнүн негизинде жогорулайт. Салыктык эмес киреше 2016-2018-жылдардын аралыгында орточо эсеп менен 15,6 миллиард сомго көбөйөт. 

Кошо каржылануучу долбоорлордун көлөмү жакынкы үч жылдын ичинде кыскарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0