Нарында канализация жана суу системасын жакшыртууга 6,2 млн. евро берилет

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүСуу боюнча мекеменин кызматкери. Архив
Суу боюнча мекеменин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын шаарына аталган долбоорду ишке ашырууга Швейцария 3,6 миллион евро жана ЕРӨБ 2,6 миллион евро бөлөт.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Каржы министри Адылбек Касымалиев Нарын шаарындагы канализация жана суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо долбоору боюнча Швейцария менен жетишилген гранттык макулдашууга кол койгонун мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Евро биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик КР бюджетин колдоо иретинде 30 млн. евро бөлөт
Макулдашууга ылайык, Швейцария Нарын шаарына аталган долбоорду ишке ашырууга 3,6 миллион евро грант бөлөт. Анын 3,2 миллиону капиталдык инвестицияга, ал эми 0,4 миллиону техникалык колдоого жумшалат. 

Долбоор Нарын шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын жакшыртууну көздөп, өлкөнүн суу тармагын өнүктүрүүгө салым кошот. 

Аталган долбоорду каржылоого Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы да эки миллион евро кредит жана 0,6 миллион евро гранттык жардам көрсөтөт. Бул боюнча кредиттик макулдашууга 2015-жылдын 8-июнунда кол коюлган. 

Нарын шаарындагы канализация жана суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо долбоорунун жалпы суммасы 6,2 миллион еврону түзүп, Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаарынын "Водоканал" ишканасы ишке ашырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0