Жарым жылда КР бюджетинин чыгашасы 47 млрд. сомдон ашты

Жазылуу
Каражат чыгашанын башка корголгон жана коргоого алынбаган беренелери боюнча сарпталып, мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Биринчи жарым жылдыкта республикалык бюджеттин жалпы чыгашасы 47 миллиард 541,5 миллион сомду түзгөнүн Каржы министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жалпы каражаттын ичинен эмгек акыга 12 миллиард 389,3 миллион сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарга сегиз миллиард 411,8 миллион сом жумшалды. 

"Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар" беренеси үч миллиард 315 миллион сомго, ал эми "Имараттар жана курулмалар" беренеси эки миллиард 80,7 миллион сомго каржыланды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Калган каражат чыгашанын башка корголгон жана коргоого алынбаган беренелери боюнча сарпталып, мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0