Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу шартындагы өз милдеттерин дээрлик аткарды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мамлекеттик желеги. Архив
Кыргызстандын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБге кошулуу алкагында өзүнө жүктөлгөн милдеттерди дээрлик аткарганын, айрым гана маселелерди тактоо керектигин Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык маселелерди жөнгө салуу боюнча коллегия мүчөсү Валерий Корешков билдирди.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу шартындагы чек араларды ачууга даярдыгы боюнча жыйын өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: Кыргызстан ЕАЭБге кирүүгө толук даяр
Жыйынга Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык маселелерди жөнгө салуу боюнча коллегия мүчөсү Валерий Корешков катышты.

Ал жетектеген топ Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу боюнча даярдыгын текшерип, өлкөдөгү бажы, чек ара, ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык өткөрмө пунктардын даярдыгы, иши менен таанышкан.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу алкагында өзүнө жүктөлгөн милдеттерди дээрлик аткарганын аткан Корешков, айрым гана маселелерди тактоо керектигин белгиледи.

Ал эми Темир Сариев Кыргызстанды ЕАЭБге кошулуу боюнча келишимди макулдашуу жараянын бул уюмдагы өнөктөш өлкөлөр жакынкы күндөрү толугу менен аяктарын белгилеп, чек араларды ачуу боюнча иштер күчөтүлөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0