Сариев: Польша менен экономикалык кызматташтыкты арттырууга аракет кылышыбыз керек

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүВаршава шаарыныны көрүнүшү. Архив
Варшава шаарыныны көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев Польша өкмөтүнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө бөлө турган 40 миллион евролук насыясы майнаптуу пайдаланат деген ишенимин билдирди.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Польшанын экономика министринин орун басары Анжей Дыха баштаган делегацияны кабыл алып, тараптар соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү маселесин талкуулады.

Жолугушууда Сариев акыркы жылдары кыргыз-польша алакалары активдешип жатканын белгилеп, Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан жана Польша өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны бул багытта кызматташууну өнүктүрүүгө салым кошот деген ишенимин айтты.

"Кыргызстан менен Польшанын ортосунда экономикалык кызматташтык өнүгүп жатат. Бирок анын көлөмүн мындан жогору кылууга аракет кылышыбыз керек. Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар", — деди Темир Сариев.

Сариев Польша өкмөтүнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө бөлө турган 40 миллион евролук насыясы майнаптуу пайдаланат деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Анжей Дыха Польша Кыргызстан менен соода-экономикалык тармакта кызматташууну кеңейтүүгө кызыктар экендигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0