Кыргызстанда экинчи лаборатория ЕАЭБдин талаптарына ылайык келген аккредитациядан өттү

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүАнализ кылып аткан лаборантка. Архив
Анализ кылып аткан лаборантка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, зыяндуу организмдердин карантинин 10 ыкма менен аныктоо боюнча Борбордук лаборатория буга чейин Кыргыз аккредитациялоо борборунан тийиштүү сертификат алган.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча экинчи лабораторияга сертификат берилди. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Кыргызстандын санитардык жана ветеринардык кызматтары ЕАЭБде мактоого арзыды
Маалыматка ылайык, зыяндуу организмдердин карантинин 10 ыкма менен аныктоо боюнча Борбордук лаборатория буга чейин Кыргыз аккредитациялоо борборунан тийиштүү сертификат алган. Эми ушундай эле сертификатка Ош лабораториясы да ээ болду.

Учурда Борбордук лабораторияда  ЕАЭБдин бирдиктүү катталган сынамак лабораторияларынын тизмесине кирүү үчүн тийиштүү иштер улантылууда.

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химизациялоо жана коргоо департаментинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча борбордук лабораториясын аккредитациядан өткөрүү боюнча керектүү иштер жасалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0