Улуттук статистика комитети: Россиядан келген инвестициянын көлөмү 4 эсе өстү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жана Россия желеги. Архив
Кыргызстан жана Россия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылга салыштырмалуу быйыл биринчи кварталда Кыргызстанга башка мамлекеттерден келген инвестициянын көлөмү эки эсе көбөйгөн.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. 2015-жылдын I кварталында былтыркыга салыштырмалуу Россиядан келген түз инвестициянын көлөмү төрт эсе көбөйгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Россиядан келген инвестиция 23 миллион долларга барабар болгон.

Ал эми Казакстандан келген инвестиция 8,5 эсе, Кытайдан болсо дээрлик 11 эсеге азайган.

Инвестициянын негизги көлөмү – 80,3 пайызы геологиялык чалгындоого жана кайра иштетүү өнөр жайына кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0