Кыргызстан АИИБди түзүү боюнча макулдашууга кол койду

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүКыргызстан АИИБди түзүү боюнча макулдашууга кол койду
Кыргызстан АИИБди түзүү боюнча макулдашууга кол койду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай 2014-жылы Азия инфраструктуралык инвестициялар банкын түзүүнү сунуштаган. Банктын штаб-квартирасы Пекин шаарында жайгашмакчы.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Каржы министри Адылбек Касымалиев менен дагы 56 мамлекеттин өкүлдөрү Пекин шаарында Азия инфраструктуралык инвестициялар банкын (АИИБ) түзүү боюнча макулдашууга кол коюшканын Sputnik агенттигине аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Кол коюу аземи Элдик жыйын үйүндө өттү. 2014-жылы Кытай мамлекети Азия инфраструктуралык инвестициялар банкын түзүүнү сунуштаган. Банктын штаб-квартирасы Пекин шаарында жайгашмак. АИИБ түзүү демилгеси Азиянын өнүгүшү үчүн аймактын инфраструктурасын узак мөөнөткө кошумча каржылоо муктаждыгынан улам пайда болгон.

Банк мүчөлүгүнө Кытайдан тышкары, Россия, Түштүк Корея, Улуу Британия, Катар, Сингапур, Сауд Аравиясы ж.б. мамлекеттер кирет.

АИИБнын алгачкы капиталы АКШнын 100 миллиард долларын түзөт. Банктын аймактык өзгөчөлүгүнөн улам болжол менен акциянын 75 пайызына аймактык мүчөлөр ээлик кылат.

"АИИБ мекемеси учурда иштеп жаткан көп кырдуу өнүгүү жана жеке сектор банктардын мыкты эл аралык тажрыйбаларына негизделген", — деп айтылат билдирүүдө.

АИИБ 2015-жылдын аягынан тарта иштей баштары пландаштырылууда. Түзүүчү өлкөлөрдүн баары аталган макулдашуу ал мамлекеттердин парламенттери тарабынан 2016-жылдын 31-декабрына чейин ратификациялангандан кийин толук кандуу банктын негиздөөчү-мүчөсү боло алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0