Кыргызстанда сот системасын программалык бюджеттөө талкууланды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСот өтүүчү зал. Архив
Сот өтүүчү зал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КП жетекчиси Мукамбет Касымалиевдин айтымында, бюджетке байланыштуу жаңы кадамдар соттор менен кызматкерлердин иш тажрыйбасын жогорулатып, сот системасынын ишмердүүлүгү тууралуу элдин кабардар болуусун шарттайт.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Кыргызстандын Жогорку сотунун (ЖС) Конституциялык палатасы (КП) коомдук угуунун алкагында 2016-жылга карата программалык бюджет маселесин талкуулаганын мекеменин маалымат кызматы билдирет. 

Иш-чарада соттордун программалык бюджет системасына өтүшү Кыргызстанда 2011-2013-жылдарда башталган жаңы реформа экени белгиленди. Ал эми иш жүзүндө бул былтыркы жылдан тарта гана аткарылып келе жатат. 

Конституциялык палатанын жетекчиси Мукамбет Касымалиев жаңы ыкмалар соттор менен кызматкерлердин иш тажрыйбасын жогорулатып, сот системасынын ишмердүүлүгү тууралуу элдин кабардар болуусун шарттай турганын билдирүүдө.

"Каржылык жана материалдык-техникалык каражаттардын жетиштүү болгондо гана соттор натыйжалуу иш алып бара алат. Бул биздин негизги максат", — деди ал.

Архив: Статуя древнегреческой богини правосудия Фемиды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте сот системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү талкууланууда
Бюджетти иштеп чыгуу үчүн ЖС, КП, Соттор кеңеши, Сот департаменти жана Каржы министрлиги менен биргеликте жумушчу тобу түзүлгөн. Топтун иши Европа биримдиги жана ПРООН тарабынан колдоого алынды.

Алынган маалыматтардын жана экспертизанын натыйжасында жумушчу топ сот системасынын мурункуга караганда бир топ сапаттуу, стратегиялык багыттарын, финансылык муктаждыктарын так көрсөткөн жаңы бюджет долбоорун иштеп чыкты. Аталган бюджет аткаруу органдарынын көзөмөлүсүз сот системасы, судьялар тарабынан даярдалды. Бул соттордун финансылык көз карандысыздыгын арттырары белгиленүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0