Сариев: Баткендин өнүгүүсүнө көңүл бөлүнөт

Жазылуу
Сариев коопсуздук жаатында Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн, Өзбекстан менен дагы өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын билдирди.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Өкмөт башчысы Темир Сариев Баткен облусуна болгон сапарында чек ара маселелерине токтолуп, элди кыйнаган көйгөйдү айланма жолдорду куруу, коопсуздугун сактоо аркылуу чечүү аракети жасалып жатканын билдирди.

Ал өкмөт өлкөдөгү жолдордун сапатына өзгөчө көңүл буруларын эскертип, аталган жолду реконструкциялоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырдыи. Чек ара аймактардагы элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер аткарылып жатканын билдирди. 

"Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, ушундай эле багыттагы сүйлөшүүлөрдү Өзбекстан менен дагы өткөрүү пландаштырылууда. Талаш жерлер сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши тийиш", – деди Сариев. 

Ал Ош – Исфана – Баткен жолунун реконструкцияланышы жана Ак-Сай айыл аймагындагы Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун курулушу менен таанышты. 

Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы баасы 91,4 млн. АКШ доллары турган Исфана – Баткен – Ош жолунун 220-232 чакырымдарын оңдоо иштери дээрлик бүткөн. Учурда 271-360 чакырым аралыгында иш жүрүп жатат. Долбоорду 2016-жылдын аягына чейин жыйынтыктоо каралууда.

"Ош – Исфана – Баткен жолунун курулушу Баткен облусу үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Бир топ жылдар бою чектеш аймактардын, анын ичинде Баткен облусунун өнүгүүсүнө жетишерлик көңүл бөлүнбөй келген. Учурда мындай кемчиликтерди оңдоого колдон келген аракеттер жүрүп жатат", – деди ал.

Маматалиев "Ош – Баткен – Исфана" жолун тез арада бүтүрүүнү тапшырды
Премьер-министр Ак-Сай айыл аймагындагы Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун курулушун көрдү. Анын бүтүшү  менен Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айылдык аймактарына Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү көз карандысыз автоунаа каттамы ачыларын билдирди. 

Сариев узундугу 25 чакырым жолдун курулушуна бюджеттен кошумча каражат каралганын билдирип, жолду өз убагында бүткөрүү талабын койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0