Өкмөт патенттин наркын көтөрүп, анын тогуз түрүн жоюуга ниеттенип жатат

© Sputnik / Андрей Бабушкин / Медиабанкка өтүүӨкмөт үйү. Архив
Өкмөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамдарга киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды чогултуу ыйгарым укугу берилүүдө.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Жогорку Кеӊеште экономика министри Олег Панкратов патенттин негизинде жүргүзүлүүчү ишкердиктин тогуз түрүн жоюу, патенттин баасын көтөрүү колго алынып жатканын билдирди.

Министр бул багытта Кылмыш-жаза кодексине, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Жазык-процесстик кодекске, Салык кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын айтты.

"Мыйзамдарга киргизиле турган өзгөртүүлөр салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарттардын түзүлүшүн шарттайт. Андан сырткары, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алыскы жана жетүүгө кыйын болгон жерлериндеги накталай акча менен салык 

башка түрлөрүн төлөөгө банктардын жоктугуна байланышкан кыйынчылыктарды чечүүгө жардамчы болот", — деди министр Панкратов.

Мыйзамдарга киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды чогултуу ыйгарым укугу берилүүдө. Анда өз милдетине жоопкерчиликсиз караган кызматкерлерге карата админстративдик айып чаралары да каралган.

Архив: Салык патенти - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: 2017-жылга карата салык патенттерин жоюу пландаштырылууда
Жыйындын жүрүшүндө ишкелерди кыспай, аларга жеӊилдиктерди жана ыйгайлуу шарттарды түзүп берүү, текшерүүлөрдү азайтуу, мыйзам долбоорунун кыргызча вариантындагы аталыштарды тактоо тууралуу пикирлер айтылды.

Өкмөттүн демилгеси менен иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2014-жылдын декабрында өкмөт жаңы фискалдык саясат иштеп чыгып жаткандыгын, 2017-жылга карата салык патенттерин жоюу пландаштырылганын билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0