Транспорт министрлигинин бюджети 770,9 млн. сомго көбөйдү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАкча. Архив
Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражат айлык акыны жогорулатууга, санариптик телеберүү үчүн ресиверлерди алууга, жолдорду курууга жана өлкөнүн ЕАЭБге киришине байланышкан ар кандай маселелерди чечүүгө жумшалат.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Транспорт жана байланыш министрлигинин бюджети 770,9 миллион сомго көбөйгөнүн Каржы министрлиги билдирет.

Евро биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик КР бюджетин колдоо иретинде 30 млн. евро бөлөт
2015-жылга карата республикалык бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Транспорт жана коммуникация министрлигинин атайын каражаттын эсеби менен такталган бюджети 3 миллиард 149,8 миллион сомду түздү. Министрликтин бюджети 770,9 миллион, ал эми атайын каражат 23 миллион сомго көбөйдү. 

Кошумчаланган каражаттын 13 миллиону жол тармагында иштеген жумушчулардын айлык акысын жогорулатууга, 20 миллиону санариптик телеберүү үчүн ресиверлерди алууга, 50 миллиону Ош — Баткен — Исфана автожолунун "Көк-Талаа — Пүлгөн" бөлүгүн курууга жумшалат. Акчанын 687,9 миллион сом өлчөмүндөгү негизги бөлүгү өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсүнө байланыштуу Кыргызстандын маалымат системасын түзүү, жабдуу жана киргизүү жаатындагы иштерге сарпталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0