Көпүрө курган ишкана эки миллиондон ашык сомду ашык эсептегени анык болду

Жазылуу
"Дж Стт" ишканасынын башкы директору ишенимге кирип, объектини өткөрүп, ал эми Баткен облусунун экологиялык-техникалык мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги аны пайдаланууга кабыл алган.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. ИИМдин Бешинчи башкы башкармалыгы Баткен облусунда "Ош-Баткен-Исфана" автожолундагы көпүрөнү курууда мамлекетке 2 миллион 366 миң сом зыян келтирилгенин аныкталганы жөнүндө мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2012-жылы "Ош — Баткен — Исфана" автожол башкармалыгы "Катраң — Өзгөрүш" жолунун 12-чакырымында көпүрө куруу максатында сынак жарыялап, жеңүүчү деп табылган "Дж Стт" ишканасы менен 15 миллион 300 миң сомго келишим түзгөн.

Бюджет салык төлөбөгөн компания үчүн 1,2 млн сомдон ашуун каражаттан куру калды - Sputnik Кыргызстан
Салык төлөбөгөн компаниянын айынан бюджет 1,2 млн. сомдон ашуун каражаттан куру калды
Курулуш иштеринин учурунда "Дж Стт" долбоордун автору менен макулдашпай туруп, темир-бетон конструкциянын ордуна металл конструкцияларын колдонуп, баасын эки эсе жогорулатып койгон. 

Текшерүү учурунда жасалма жогорулатылган баанын жалпы көлөмү 2 миллион 366 миң сом болгону аныкталган.

Мындан тышкары, "Дж Стт" ишканасынын башкы директору ишенимге кирип, объектини өткөрүп, ал эми Баткен облусунун экологиялык-техникалык мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги аны пайдаланууга кабыл алган.

Аталган фактылар боюнча учурда Ош облустук прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгары жана чыгымдоо) боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0