Каржы министрлиги объекттерди курууга 5 айда 827 млн. сом бөлдү

Жазылуу
Каражаттын 345,4 миллиону билим берүү, 20,3 миллиону саламаттык сактоо, 27,2 миллиону маданият жана спорт, 99,5 миллиону жол тармагындагы (автожол жана көпүрө) объектилерди курууга жумшалат.

БИШКЕК, 22–июнь — Sputnik. Бюджеттин "Капиталдык салым" беренеси акыркы беш айдын ичинде 827 миллион сомго каржыланганын Каржы министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каржы министрлиги капиталдык салымдын көлөмүн 5 млрд. сомго көбөйттү
Маалыматка ылайык, каражаттын 345,4 миллиону билим берүү, 20,3 миллиону саламаттык сактоо, 27,2 миллиону маданият жана спорт, 99,5 миллиону жол тармагындагы (автожол жана көпүрө) объектилерди курууга жумшалат.

Калган каражат турак жай-коммуналдык чарба объектилерин, суу чарба курулуштарын салууга жумшалат. Бул берененин каржыланышы жыл аралыгында ишке ашат.

Капиталдык салым — КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген объектилерди каржылоочу өнүктүрүү бюджетиндеги берене. Ал мамлекеттик социалдык-экономикалык маанилүү объектилерди өнүктүрүү үчүн пайдаланылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0