Өкмөт Centerra Gold Inc. менен сүйлөшүүчү топту жаңыртты

Жазылуу
Министрлер кабинетинде кадрдык алмашууларга байланыштуу жумушчу топтун курамын кайра карап чыгуу чечилген.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Өкмөт Centerra Gold Inc. менен кеңешүүчү топтун курамын өзүнүн кезектеги отурумунда жаңыртты деп билдирет министрлер кабинетинин маалымат кызматы.

Буга өкмөт мүчөлөрүнүн арасындагы кадрдык алмашуулар себеп болду. 

Ошентип, комиссиянын курамына премьер-министр Темир Сариев, каржы министри Адылбек Касмалиев, экономика министри Олег Панкратов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Алмазбек Кадыркулов, Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Санжар Муканбетов кирди.

Кумтөр кен жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Centerra "Кумтөр" кен жайынын иши токтой турганы жөнүндө эскертет
10-апрель күнү парламентте мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев биргелешкен ишкана түзүүдөн жана кенди улутташтыруудан баш тартып, компаниянын менеджментин гана алмаштыруу менен долбоорду өзгөртүүсүз калтырууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештин Кумтөргө байланышкан токтомдору менен 2014-жылдын февралында өкмөткө долбоор боюнча келишимдерди республика үчүн пайдалуу шарттарда кайра түзүү тапшырылган.

Мурдараак өкмөттүн сунуштарын карап чыккандан кийин парламент ишкананы улутташтыруудан баш тартууну чечкен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0