Соода-өнөр жай палатасынын башчысы: Петербургдагы экономикалык форумдан үмүтүбүз чоң

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПетербургдагы экономикалык форуму. Архив
Петербургдагы экономикалык форуму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Петербургдагы эл аралык экономикалык форум тууралуу айткан Шаршекеев сүйлөшүүнүн натыйжалары бар экенин белгиледи. Кытай ишкерлери Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга ниетинүүдө. Кайсыл тармакка инвестиция салуу керектигин тандап алуу максатында Кытай ишкерлеринин делегациясы Кыргызстанга октябрь айында келет.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Кыргызстан Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга чоң үмүт кыла турганы жөнүндө Sputnik сайтынын кабарчысына КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев билдирди.

Анын айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында ишкердиктин өз ара аракеттенүүсү жаатында талаштуу маселелер дагы да көп. Кыргызстандан барган делегация форумда өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргойт деп белгиледи Шаршекеев.

"Бул жерде сүйлөшүүлөр үчүн мыкты аянтча түзүлгөн. Форумга болгон үмүтүбүз чоң. Биздин милдет — Кыргызстанга инвестиция салуу коопсуз жана кирешелүү экенин башка өлкөлөрдүн ишкерлерине далилдөө болуп саналат", — деди Шаршекеев.

Форумдун экинчи күнүндө ЕАЭБдин алкагында өз ара ишкердик маселесин кароо белгиленген. Шаршекеевдин айтымында, Кыргызстандын делегация мүчөлөрү стратегиялык чечимдердин кабыл алынышын күтүүдө.

ШКУнун Ишкерлер кеңешинин Кыргызстан тараптан улуттук бөлүгүнө төрагалык кылуучу Шаршекеев сүйлөшүүлөрдө азыртан эле натыйжалар бар экенин белгиледи. 

"Кытай ишкерлери Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга ниетинүүдө. Кайсыл тармакка инвестиция салууну тандап алуу үчүн КЭР ишкерлеринин делегациясы Кыргызстанга октябрь айында келет", — деп билдирди ал. 

Атамбаев Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн келди
Санкт-Петербургда уюштурулган эл аралык экономикалык форум (ПЭЭФ-2015) 20-июнга чейин созулат. Форум жыл сайын дүйнө боюнча саясий лидерлерди жана эң ири ишкерлерди топтойт. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, быйыл форумга 115 өлкөдөн катышуучулар келди. Бул жолку саммит "Иш-аракет жасоо мезгили келди: биргелешкен күч-аракеттер менен туруктуулукка жана өсүшкө карай" урааны астында өтүүдө. Негизги суроолордон тышкары, форумдун алкагында чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү, коррупцияга каршы туруу, кризиске каршы саясат маселелери да талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0