Абылгазиев: пенсияны жогорулатуу үчүн 845 миллион сом зарыл

Жазылуу
1-сентябрдан тарта айрым адамдардын пенсиясын 500 сомго жогорулатуу каралган.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев пенсиялардын бир катар түрлөрүн жогорулатуу үчүн Пенсиялык фонддон 845 миллион сом керектелерин өкмөттүн жыйынында билдирди.

"2015-жылдын 1-сентябрынан тарта 40 жылдан ашык эмгек күнү бар эркектердин, 35 жылдан ашык эмгек күнү бар аялдардын жана 1-топтогу майып пенсионерлердин пенсиясын 500 сомго жогорулатуу каралган. Бул үчүн Пенсиялык фонддон 845 миллион сом керектелет", — деди Абылгазиев.

Соцфонддун жетекчиси жыйында буга каражат каралгандыгын билдирип, ал боюнча чыккан токтомду өкмөт мүчөлөрү колдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0