Атамбаев Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн келди

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форум.
Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форум. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президенти Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугат.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Атамбаев Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн  18-июнда аталган шаарга келгенин президенттин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев менен Путин Санкт-Петербургда жолугушат
КР президенти Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугат.

Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форум 1997-жылдан бери уюштурулуп келет. Бул иш-чарага катышкандардын саны 4 миңден ашат. Ага 60дан ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышат. Форум негизинен россиялык жана чет элдик ири компаниялардын жетекчилерине, мамлекет башчыларга, өкмөт өкүлдөрүнө багытталган.

Быйыл аталган эл аралык экономикалык форум 18-20-июнь күндөрү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0