12:10 15 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Валюта. Архив

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 20 миллион доллар бөлөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
2710

Каражат Кыргызстандагы инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча программанын алкагында бөлүнөт.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 20 миллион доллар бөлө тургандыгы премьер-министр Темир Сариевдин АӨБ Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рие Хираоко менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстан менен АӨБ келечектеги кызматташуусу талкууланды. 

"Рие Хираока өкмөт башчысына инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча программанын алкагында долбоордун II бөлүгүн ишке ашырууга 20 млн доллар бөлүү жөнүндө келишим жактырылгандыгын маалымдады", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз өкмөтү жана Азия өнүктүрүү банкы 1994-жылдан тарта инвестиция, энергетика, транспорт жана билим берүү тармагында кызматташып келүүдө.

Тема боюнча

Азия өнүгүү банкы Кыргызстанга $22 млн. өлчөмүндө грант бөлөт
Белгилер:
инвестициялык абал, өкмөт, Азия өнүгүү банкы, Рие Хираоко, Темир Сариев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ