Кыргызстан Кувейт менен соода-экономикалык жана туризм тармагында кызматташууга даяр

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Кувейт Эмиринин администрация жетекчиси Шейх Насер Сабах аль Ахмед аль-Джабер Аль Сабахты кабыл алды.
Алмазбек Атамбаев Кувейт Эмиринин администрация жетекчиси Шейх Насер Сабах аль Ахмед аль-Джабер Аль Сабахты кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Кувейт Эмиринин администрация жетекчисин кабыл алып, эки өлкө ортосундагы ар тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө Кыргызстан даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Кувейт Эмиринин администрация жетекчиси Шейх Насер Сабах аль Ахмед аль-Джабер Аль Сабахты кабыл алганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Социалдык долбоорлорду каржылоо үчүн Кыргыз-Кувейт инвестициялык фонду түзүлөт
Жолугушууда Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда инвестиция, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында кызматташуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан кыргыз-кувейт мамилелерин мындан ары түрдүү багытта ар тараптуу кеңейтүүгө даяр экендигин белгилеп, өлкөлөр ортосундагы бардык деңгээлдеги байланыштарды жандандыруу керектигин белгиледи.

Атамбаев менен Шейх Насер Сабах аль Ахмед аль-Джабер Аль Сабах өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү тармактарда конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0