Калган акчасын төкпөсө, "Восток-геолдобыча" Жер-Үй кенинен ажырашы мүмкүн

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүКарьер. Архив
Карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчү компания тарабынан төлөнгөн кепил берүүчү 10 миллион доллар кайра кайтарылбайт.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Жер-Үй кенин иштетүүгө жарыяланган сынактын жеңүүчүсү жалпы суммадан калган 90 миллион долларды төлөө мөөнөтү 2015-жылдын 22-июнунда аяктайт. Бул туурасында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы эскертти. 

Кен иштетүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таластыктарга Жер-Үй кенин иштетүүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүштү
Сынактын негизинде Талас облусундагы Жер-Үй кенин иштетүү укугуна "Восток-геолдобыча" ишканасы ээ болгон. Мыйзам талабына ылайык, компания 100 миллион доллар өлчөмүндө төлөм төгүшү керек. Буга чейин "Восток-геолдобыча" кепилдик үчүн жалпы сумманын 10 миллион доллары мамлекетке которулган.

Эгер 90 миллион доллар көлөмүндөгү акыркы төлөм өз убагында төлөнбөсө, сынактын жеңүүчүсү кен иштетүү укугунан ажырап, кен казуу укугу кийинки көп упай топтогон компанияга өтөт. Мында жеңүүчү компания тарабынан төлөнгөн кепил берүүчү 10 миллион доллар кайра кайтарылбайт. 

Жер-Үй алтындын кени боюнча Кыргызстанда экинчи орунда туруп, мамлекеттик маанидеги кен байлыктардын тизмесине кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0