Султанов: Банк кодекси менен аманатчылардын, ишкерлердин кызыкчылыгын коргошубуз керек

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСэп санап машинасы. Архив
Сэп санап машинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Банк кодекси талкууга алынып, ага киргизиле турган бир нече алымча-кошумчалар сунушталып жатат.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов Банк кодексинин долбоору боюнча өткөн талкууда аманатчылардын да, инвесторлордун да кызыкчылыгын эске алуу зарыл экенин айтты. 

"Биз баарыбыз банктар бул коомдук ишканалар экенин түшүнөбүз, андыктан биз аманатчылардын да, инвесторлордун да жана ошондой эле бул чөйрөдөгү ишкерлердин да кызыкчылыгын эске алышыбыз керек. Кодекс — бардык банк жөнүндөгү мыйзамдарды бир системага топтоштуруу боюнча өз учурунда көтөрүлгөн демилге болду", — деди Султанов.

Ал аталган кодекстин долбоорун кароодо Улуттук банк келечекте узак мөөнөттөгү экономикалык өсүшкө жооп беришине, жана өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келбегендей кылууга басым жасалганын кошумчалады.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов аталган мыйзам ички жана сырткы инвестицияга жакшы шарт түзүп берүүгө багытталгандыгын айтты.

"Банк кодекси, баарынан мурда, туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүүдөгү банк системасынын багытталышына максатталган. Жыйынтыгында аны кабыл алуу менен банк системасына, жана ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна калктын, ички жана сырткы инвесторлордун ишенимин арттыруу болжолдонууда", — деди ал. 

Банк кодексинин долбоорун даярдоодо Улуттук банк менен көптөгөн бир топ сүйлөшүүлөр жүрүп, депутаттар тарабынан да аталган документке пикирлер айтылып, сунуштар киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0