Кыргызстандын бюджети жыл башынан бери пландалгандан 10%га көп болду

© Фото / Спутник Кыргызстан / Эрнис ТемирканАкча купюралары. Архив
Акча купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бюджеттин киреше бөлүгүнө Салык жана Бажы кызматтарынан эң көп каражат түшкөн.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Январь-май айларында республикалык бюджетке алдын ала эсептөөлөр боюнча 39,5 миллиард сом түшкөнүн жана бул пландалгандан 9,9 пайызга көп экенин Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Киреше негизинен Бажы жана Салык кызматарынан түшкөн.

Акча купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бюджет ИДП өсүшүнүн солгундоосу жана ЕАЭБге кирүүдөн улам өзгөрөт
Салыктан түшкөн каражаттардын жалпы көлөмү 26,9 миллиард сом. План 2,1 пайызга ашык аткарылган.

Бажы кызматынан 14,2 миллиард сом, Салык кызматы республикалык бюджетке 12,7 миллиард сом төккөн.

Ал эми беш айда жалпы республикалык чыгаша 46 миллиард 175 миллион сом болот деп пландалган болсо, иш жүзүндө ал 43,1 миллиард сомду түзүп, пландалган сумманын 93,4 пайызына жеткен. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы чыгым 5 миллиард 226,3 миллион сомго көбөйгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0