Кыргызстанда жаңы күмүш монеталар жүгүртүлөт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМонета куюу. Архив
Монета куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сейрек кездешүүчү тоодак кушунун көркөм кооз келбети монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Мында түстү өзгөртүү технологиясы колдонулуп, куштун элесин айланта түшүрүлгөн чөптөр алтын түстө чагылдырылган.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Улуттук банк 2015-жылдын 15-июнунан тартып "Кыргызстандын кызыл китеби" сериясынан "10 сом" номиналындагы жаңы "Тоодак" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгара турганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

© пресс-служба НБКР"Кыргызстандын кызыл китеби" сериясынан "10 сом" номиналындагы жаңы "Тоодак" күмүш коллекциялык монетасы.
Кыргызстандын кызыл китеби сериясынан 10 сом номиналындагы жаңы Тоодак күмүш коллекциялык монетасы. - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстандын кызыл китеби" сериясынан "10 сом" номиналындагы жаңы "Тоодак" күмүш коллекциялык монетасы.

Монета 3000 нуска менен Казакстандын зерканасында чыгарылып, баасы эки миң сомду түзөт. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Медина Ашыралиеванын айтымында, "Тоодак" монетасы "Кыргызстандын кызыл китеби" сериясын толуктайт. 

"Улуттук банктын коллекциялык монета чыгаруу Кыргызстандын жаратылышын, жаныбарлар дүйнөсүн жана өсүмдүктөрүн популяризациялоону көздөйт", — деди Ашыралиева. 

Улуттук банктын жетектөөчү эксперти Эмил Курманалиев билдирүүсүндө, акыркы 20 жылдын ичинде Кыргызстанда 51 коллекциялык монета чыгарылган.

"Анын ичинен 10 жез-никель, бирөөсү мельхиор, үчөө алтын жана 37 күмүш", — дейт эксперт.

Адистердин айтымында, республикада жылдын-жылга нумизматикалык монеталарга кызыгуу артып барат. Ушул жылы "Тарыхый окуялар" сериясынан "Улуу Жеңишке 70 жыл" жана "Кыргызстандын кызыл китеби" сериясынан "Тоодак" коллекциялык монеталары чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0