Центеррадагы КРдин 47 млн. сомдук акциясын Онтарио соту камактан бошотту

CC BY 2.0 / Brian Turner / My Trusty GavelСотчунун балкасы. Архив
Сотчунун балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылдын октябрь айында Онтарионун Жогорку соту Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясындагы 47 миллион сомдук акциясын камакка алган. Бул Куттуу-Сай II кенин иштетүү үчүн берилген лицензияны жокко чыгарганы үчүн 118 миллион доллар талап кылган Stans Energy Corp. ишканасынын суроосу менен жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 11-июнь— Sputnik. Онтарио (Канада) провинциясынын Жогорку сотунун апелляциялык бөлүмү үстүбүздөгү жылдын 15-майында "Кыргызалтын" ААКнын сунушун канааттандырган. Сунуш Centerra Gold Inc. компаниясындагы 47 миллион сомдук акциясын камакка алуу жөнүндөгү Жогорку соттун буйругуна карата берилгенин "Кыргызалтын" ААКнын маалымат кызматы билдирет. 

КРдин Centerra ишканасындагы камакка алынган акцияларынын тагдырын Канада соту чечет
2014-жылдын октябрь айында Онтарионун Жогорку соту Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясындагы 47 миллион сомдук акциясын камакка алган. Бул Куттуу-Сай II кенин иштетүү үчүн берилген лицензияны жокко чыгарганы үчүн 118 миллион доллар талап кылган Stans Energy Corp. ишканасынын суроосу менен жүргүзүлгөн. Камакка алуунун натыйжасында акцияларды сатууга, берүүгө тыюу салынып, алар боюнча дивиденддерди тоңдурулган.

Шаршемби күнү Онтарио соту буйрукту жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Аталган чечим 2013-жылдын 23-сентябрында өткөн КМШ экономикалык сотунун чечиминин негизинде кабыл алынды. 

"Муну менен бирге апелляциялык инстанция КМШ экономикалык сотунун чечими боюнча камакка алуу жөнүндөгү буйругун чыгарууда Онтарио соту алдында Stans Energy Corp. тарабынан "маалымат толук ачылбаганын" белгилейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Кумтөр кен жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Centerra "Кумтөр" кен жайынын иши токтой турганы жөнүндө эскертет
Сотто "Кыргызалтын" ААКнын кызыкчылыгын эл аралык Baker & McKenzie LLP юридикалык компаниясынын канадалык офиси коргоду.

Буга чейин москвалык соода-өнөр жай палатасынын алдындагы арбитраждык сот Кыргызстандын Stans Energy Corp. боюнча апелляциялык арызын канааттандырган.

Арбитраждык сот канадалык Stans Energy Corp компаниясынын пайдасына Кыргызстандан 118 миллион доллар төлөтүп алуу боюнча эл аралык соттун чечимин жокко чыгарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0