Кыргызстандын балын түштүк кореялыктар да татышты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын таттуу балы. Архив
Кыргызстандын таттуу балы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык өндүрүшчүлөр Сеулда жыл сайын өтүүчү "Импорттолгон товарлар" аттуу көргөзмө-жарманкеге катышты.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Кыргызстандын балы Түштүк Кореяда "Импорттолгон товарлар" аттуу көргөзмө-жарманкенин алкагында  сатылганын КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ошто таштандыны иштетүүчү заводду кореялык компания курууга ниетенүүдө
Июнь айынын башында Кореянын импорттоочу ассоциациясы тарабынан уюштурулган көргөзмө-жарманке Сеул шаарында уюштурулду. Ага Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү жана Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу агенттиги да катышты. 

Көргөзмө учурунда Кыргызстандын туристтерди тартуу мүмкүнчүлүгү, инвестициялык климаты боюнча маалымат берилип, экологиялык таза шартта алынган балы сатыкка коюлду.

Кореянын импорттоочу ассоциациясына мүчө болуп 70 миңден ашык уюм, ишкана жана ишкерлер кирген. Алар негизинен товарларды импорттоо менен алектенишет. Көргөзмө учурунда корей ишкерлери Кыргызстандын экспортко товар чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен кенен таанышышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0