Кытайлыктар Кыргызстанда балык чарбачылыгы менен алек болушат

© Sputnik / Табылды КадырбековКытайлыктар Кыргызстанда балык чарбачылыгы менен алек болушат
Кытайлыктар Кыргызстанда балык чарбачылыгы менен алек болушат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай Борбордук Азия жана Кавказ чөлкөмүнүн балык чарбачылыгы жана аквамаданият боюнча аймактык комиссиясы менен биргеликте инвестиция тартып, өлкөнүн балык рыногун изилдөөгө ала турган аналитикалык борбор ачууну пландаштырып жатат.

БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Кытай Кыргызстанга балык секторун өнүктүрүү программасын сунуштаганын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Май айында Борбордук Азия жана Кавказ чөлкөмүнүн балык чарбачылыгы жана аквамаданият боюнча аймактык комиссия мүчөлөрү Кытай жана Кыргызстандын өкүлдөрү менен жолугуп, "Юг-Юг" программасынын алкагында өлкөдөгү балык өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Балык чарбачылыгы боюнча комиссия мында ортомчулук милдетти аткарууда.

"КЭР бүгүнкү күндө аквамаданият жаатында лидер болуп саналат. Кызматташуу тажрыйба алмашуунун негизинде жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Сокулукта ууланган сууларды адис газ камерасы менен салыштырды
Маалыматка ылайык, республикада Кыргызстандын рыногун изилдөөгө алып, кытай инвестицияларын тартуу үчүн аналитикалык борбор ачылат. Июнь айынын аягында рынок абалы менен таанышуу үчүн эксперттер келишет.

Борбордук Азия жана Кавказ чөлкөмүнүн балык чарбачылыгы жана аквамаданият боюнча аймактык комиссиясы Армения, Азербайжан, Түркия, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринде иш алып барат. Казакстан, Өзбекстан жана Грузия байкоочу мамлекеттер болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0