Кыргыз "топоздору" лизинг шартында сатыла баштайт

© пресс-служба ТПП КРКыргыз "топоздору" лизинг шартында сатыла баштайт
Кыргыз топоздору лизинг шартында сатыла баштайт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик илимпоздордун изилдөөсү боюнча, Кыргызстандын айыл чарба сектору 10 эсе көп продукция чыгарууга жөндөмдүү. Бирок көрсөткүчтөрдүн төмөн болушунун негизги себеби болуп техниканын жана жаңы технологиялардын жетишсиздиги эсептелет.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Ата мекендик TOPOZ маркасындагы тракторлор кыргыз фермерлерине лизинг шартында сатыла турганын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Элиза Боталиева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүү акыркы 20 жыл ичинде төмөндөп кеткен. Эгер 1991-жылы агрардык сектордун үлүшү ИДӨнүн 45 пайызын түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 17,5 пайызга чейин кыскарган.

"Ата мекендик илимпоздордун изилдөөсү боюнча, Кыгызстандын айыл чарба сектору 10 эсе көп продукция чыгарууга жөндөмдүү. Бирок тахниканын жана жаңы технологиялардын жетишсиздиги төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизги себеби болуп келет", — дейт Боталиева

Кыргызстан ЕАЭБде айыл чарба азыктары жана текстиль боюнча атаандаштык түзүшү мүмкүн
Анын айтымында, кыргыз фермерлерин жеткиликтүү баадагы сапаттуу заманбап техника менен камсыз кылуу максатында Соода-өнөр жай палатасынын "Дыйкан плюс" ишканасы Кытайлык компания менен биргеликте TOPOZ ата мекендик маркасынын алдында тракторлорду өндүрө баштады.

Ишкана директору Улан Адамалиев Sputnik агенттигине бардык эле фермерлердин жаңы техника алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин, андыктан, банктардын бири менен тракторлорду лизинг шартында сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирди.

"Макулдашууга ылайык, трактор күрөөгө коюлганы менен аны колдонууга болот. Ал эми фермерлер карызын беш жылдын аралыгында жаба алышат", — дейт жетекчи.

Адамалиев өткөн жылы эки моделдеги тракторлордун алгачкы партиясы чыгарылганын билдирди. Техника ар кыл климаттык жана аймактык шартта сыналган. 

"Сыноодон өткөндөн кийин тракторлордун түрүн жана санын көбөйтүүнү чечтик. Учурда айына 10 трактор чыгарып атсак, күзгө чейин техниканын санын 100гө жеткирүүнү максаттап жатабыз", — дейт директор.

Компания буга чейин кичи жана орто кубаттуулуктагы тракторлор үчүн ULUK 3-3 үлгүсүндөгү жерди иштеткен техниканы чыгарганы белгилүү. Чакан жерлерди иштетүү үчүн ишкана атайы TOPOZ 152 мини-тракторун чыгарган.

Адамалиев өндүрүшкө бардыгы болуп алты түрү чыкканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0