Армения өкмөтү Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү боюнча протоколун ратификациялады

Жазылуу
Кыргызстандын ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп кириши үчүн биримдике мүчө мамлекеттердин парламенттери тийиштүү протоколду ратификациялашы керек.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Армения өкмөтү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча протоколду жактырганын Армения Радиосу билдирет.

ЕАЭБ кирүү боюнча кол коюлган документ. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК башка өлкөлөрдөгү кесиптештерин ЕАЭБ боюнча келишимди ратификациялоону тездетүүнү өтүнөт
Тийиштүү чечим бейшемби күнү премьер-министр Овик Абраамяндын жетекчилиги астында өткөн өкмөттүн жыйынында кабыл алынган.

Армения жыл башында ЕАЭБге мүчө болгон. 8-майда ЕАЭБдин саммитинде Кыргызстандын биримдикке кошулуусу жөнүндөгү акыркы документтерге кол коюлган. Эми ал документтер ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин парламенттери тарабынан ратификацияланышы керек.

Президент Алмазбек Атамбаев 21-май күнү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу келишимин ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0