Польша Кыргызстан менен жакындан кызматташып, жардам көрсөтүү ниетинде

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВроцлав шаары, Польша. Архив
Вроцлав шаары, Польша. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Польша Кыргызстандын мамлекеттик органдарына жана жеке секторуна мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлорду өнүктүрүү, демилгелөө бгытында жардам көрсөтөт.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Польша Кыргызстандагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө катышарын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Польша делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында аталган багытта кызматташуу боюнча Экономика министрлиги, Инвестицияларды өнүктүрүү боюнча агенттик жана "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" макулдашуу меморандумуна кол коюшту. 

Кобяков: Беларусь Кыргызстан менен кызматташууга кызыгат
Польша Кыргызстандын мамлекеттик органдарына жана жеке секторуна мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлорду өнүктүрүү, демилгелөө жагынан жардам көрсөтөт. 

Мындан тышкары, тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө иштөө ыкмаларын өнүктүрүү боюнча сунуштарды биргеликте иштеп чыгат. Аны менен катар аталган тармактагы маселелер жаатында маалымат жана материалдарды алмашып турушат. 

"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" (Польша) фонду коммерциялык эмес бейөкмөт уюм. Анын негизги максаты – Польшадагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк идеяларын алдыга жылдыруу. Фонд аталган багытта Бельгия жана Греция мамлекеттери менен иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0