Журабаева: Түштүк Кореянын БШКга берген каражаты – грант

© Фото / Global PanoramaТүштүк Кореянын желеги. Архив
Түштүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстандагы шайлоо процесстерин жакшыртуу" деп аталган кыргыз-корей биргелешкен долбоордун алкагында бөлүнгөн каражаттар грант түрүндө берилди.

БИШКЕК, 3-июнь — Sputnik. Түштүк Корея Кыргызстандагы добуш берүүлөрдү жакшыртуу үчүн берген 6,15 миллион доллар каражат кайтарымсыз грант түрүндө берилгенин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Шайлоого даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Корея Кыргызстандагы шайлоо процесстерин жакшыртууга миллион доллардан ашык каражат бөлөт
Шайлоолордо добуш берүүнү жакшыртуу үчүн Түштүк Корея Кыргызстанга 5 миллион доллар бөлгөн. Каражат шайлоону өткөрүүдө керектелчү жабдууларды сатып алууга жумшалат. Шейшемби күнү БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукканда дагы кошумча 1,15 миллион доллар бөлүнө турганын билдирген. Кошумча каражат БШКнын борбордук серверин жакшыртууга жумшалат.

Журабаеванын айтымында, сервердик бөлмө эл аралык стандарттарга туура келип, өрт жана маалыматтын коопсуздугу атайын стандарттардын негизинде сакталышы керек.

"Сервердеги маалыматтар абдан маанилүү. Кокус бөлмөдө өрт чыгып кетсе, ал суу менен эмес, газ менен өчүрүлүшү керек. Бул жерде коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулууда", — деди ал.

Серверди кореялыктар жасап, программалык камсыздоону да түзүп беришет.

Быйыл күздө боло туран парламенттик шайлоого 4500дөй урна керек. Жураева алардын баасы модификациясына жараша өзгөрөрүн айтып, баасы канча болорун тактаган жок. Ал тендер маалында аныктала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0