Бюджет ИДП өсүшүнүн солгундоосу жана ЕАЭБге кирүүдөн улам өзгөрөт

Жазылуу
2014-жылы ИДП өсүү темпи жайлап, пландаштырылган 4,5 пайыздын ордуна 3,6 пайызды түзгөн. Бул жылы айыл чарбасында, курулуш, тейлөө жана өнөр жай тармагындагы өсүү темпинин солгундоосунан улам ИДП 6,2 пайыздын ордуна 2 пайызды түзүүсү күтүлүүдө.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Каржы министрлик Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө байланыштуу 2015-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизип жатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Бекитилген бюджетке ылайык, 2015-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 117 миллиард, ал эми чыгашасы 132 миллиарды сомду түзөт. 2016-жылы ИДП реалдуу өсүүсү 6,2 пайыздын деңгээлинде болот.

Негиздемеде айтылгандай, өзгөрүүлөр республиканын учурдагы социалдык-экономикалык абалы менен шартталат. 

"2015-жылы айыл чарбасында, курулуш, тейлөө жана өнөр жай тармагындагы өсүү темпинин солгундоосунан улам ИДП 6,2 пайыздын ордуна 2 пайызды түзүүсү күтүлүүдө", — деп билдирет министрлик.

Бюджет салык төлөбөгөн компания үчүн 1,2 млн сомдон ашуун каражаттан куру калды - Sputnik Кыргызстан
Салык төлөбөгөн компаниянын айынан бюджет 1,2 млн. сомдон ашуун каражаттан куру калды
Мындан тышкары, инфляциянын деңгээли күтүлгөн 7,8 пайыздын ордуна 11,3 пайыз болушу күтүлүүдө.

Бирок, мамлекеттин негизги каржы документине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизги себеби — Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү.

2015-жылы бюджеттин таңсыктыгы 25 миллиард 124 миллион сомду түзөт (ИДП карата 5,7 пайыз). Бул буга чейинки бекитилген көрсөткүчтөн 10 миллиард 440,7 миллион сомго көп.

Каржы министрлиги бюджет таңсыктыгын жабуу үчүн каражат жетиштүү экенин белгилөөдө.

"Бюджет таңсыктыгын жабуу үчүн тышкы каражат булактарынан 31,3 миллиард сом алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган каражаттын ири бөлүгү — мамлекеттик инвестициялар программасын ишке ашырууга багытталган тышкы булактар.

21-майда Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу жөнүндөгү эл аралык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамгы кол койгон. Бирикменин башка мүчө-мамлекеттери келишимди ратификациялай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0