Евро кунунун төмөндөшүн эксперттер машинанын импортуна жана шайлоого байланыштырат

Жазылуу
Бир ай мурун евро 65,89 сом болсо, бүгүнкү күндө курс 63,51 сомдо токтоп турат.

БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Европа валютасынын наркы акыркы ай ичинде 2,38 сомго төмөндөп кеткенин Кыргызстандын Улуттук банкы билдирет. 

Эксперттердин пикиринде, евро кунунун төмөндөшү улуттук валюта — сом жана орус рублинин курсунун бекемделишине байланыштуу. 

"Рынокто сомдун көп жүгүртүлүшү жана россиялык экспортерлордун рублге көбүрөөк ыкташы евронун да, доллардын да баасын төмөндөтүүдө. Эки валютага тең болгон суроо-талапты базар аныктайт", — дейт экономикалык маселелер боюнча адис Кеңешбек Алимбеков.

Ал евро курсунун төмөндөшүн кыргызстандык ишкерлердин машина сатып алуу үчүн Европага барбай калышканы менен да түшүндүрүүдө.

"2,38 сом аз акча көрүнгөнү менен натыйжада экономикага таасир эте алчу сумма чогулат", — дейт Алимбеков.

Ал эми экономист Кубанычбек Идиновдун айтымында, евро сом менен рублдин бекемделишинен жана алдыда боло турган шайлоодон улам арзандап жатат. 

"Евронун төмөндөшү рубль менен сомдун бекемделишине жана күзүндө боло турган шайлоолорго байланыштуу", — дейт адис.

Идинов рубль канчалык бекем болсо, евро ошончолук төмөндөй берерин түшүндүрдү. Буга Россиянын валюта рыногундагы учурдагы абал далил.

"Шайлоо убактысы жакындаган сайын сом мындан да бекемдейт. Бул доллардын да, рублдин да арзандашына таасир этет", — дейт эксперт.

Идинов валюта наркынын төмөндөшү мындан ары да уланарын, бул финансы рыногундагы жайкы сезон менен байланыштуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0