Өкмөт кошумча нарк салыгынын кагаз түрүндөгү эсеп-фактураларын жоюуну сунуштоодо

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСалык инспекциясына келген аял. Архив
Салык инспекциясына келген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт КРдин Салык кодексине кошумча нарк салыгы боюнча кагаз бланктардын ордуна эсеп-фактураларынын электрондук номерлерин алууну жөнгө сала турган өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү кошумча нарк салыгынын кагаз түрүндөгү эсеп-фактураларын жоюп, аны ишкерлерге кайтарып берүү процедурасын жөнөкөйлөтүүнү сунуштап жатканы туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Мамлекеттик салык кызматында тейлөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
МСК чогултууларды көбөйтүп, салык маданиятын жогорулатууну көздөөдө
Кошумча нарк салыгын башкаруу салыкка байланышкан укуктук мамилелердин эң татаал тармагына кирет, ал салык кызматынын да салык төлөөчүнүн да көп убактысын, эмгек жана материалдык чыгымдарын талап кылат.

Кошумча нарк салыгы боюнча эсепке тыкыр алына турган кагаз бланктарды колдонуу акыркы жылдары коррупциянын жана мыйзам бузуулардын куралына айланды. Бланктын үстүндө соодалашуу жүрүп жатат. Мыйзамды сактап иштеген салык төлөөчүлөр кошумча нарк салыгын жалган эсеп фактуралары боюнча чегерип алып, чыгашага учурап жатат.

Ашыкча чегерилген кошумча нарк салыгын кайтаруу\ордун төлөө үчүн КРдин Салык кодекси тарабынан белгиленген 60 күндүн ордуна аталган процедура жарым жылга чейин созулуп кеткен учурлар көп деп белгилейт маалымат кызматы.

Кошумча нарк салыгын кайтаруу \ордун төлөө шарттары бир катар төлөөчүлөргө бул процедурадан өтүүгө мүмкүндүк бербей, кошумча нарк салыгын эсептик эмес, жүгүртүүдөн алынган салыкка айлантып турат. Аталган салык боюнча салык төлөөчүгө кайтарылбаган\орду төлөнбөгөн акчанын суммасы жылдан жылга өсүүдө. 2013-жылдын акырында ал 7 миллиард сомдон ашкан.

Салык декларациясын толтуруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
МСК ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнүн салык органдары менен кызматташууга даяр
Натыйжада, бухгалтердик эсеп жүргүзүү көп эмгекти талап кылышы, кошумча нарк салыгы боюнча отчет толтуруу жана аны берүүгө, эсеп-фактураларын толтурууга байланыштуу административдик милдетти аткаруу, салык органдары менен байланыштын көбөйүшү майда салык төлөөчүлөрдүн орто ишкердик категориясына өтүүнү калабагандыгынын негизги себеби болду. 

Жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечип, ишкерлер менен фискалдык органдар үчүн кошумча нарк салыгын башкаруу процессин жеңилдетүү үчүн КРдин өкмөтү мыйзам актыларына, анын ичинде Салык кодексине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат.

Оңдоолор төмөнкүдөй:

  • ар бир төлөөчүгө кошумча нарк салыгы боюнча электрондук түрдө уникалдуу серия жана эсеп фактурасынын номерин ыйгаруу менен, кагаз жүзүндөгү эсеп-фактураларын жоюу;
  • экспортко товар алып чыгуучу ишканаларга гана эмес, деги эле бардык кошумча нарк салыгы субъектилерине аталган салыкты кайтарып алуу\ордун төлөтүү укугуна ээ субъектилердин тизмесине киргизүү менен аталган тизмени олуттуу кеңейтүү; 
  • арыз менен кайрылуу аркылуу кошумча нарк салыгынын ордун төлөтүп алууга уруксат берүү;
  • кошумча нарк салыгы жөнүндө отчетко тиркелүүчү эсеп-фактуралары боюнча беш реестрдин үчөөнү кыскартуу;
  • кайтарып\төлөп берүү мөөнөтүнүн кыскара турганына байланыштуу тоңдурулган жүгүртүү каражаттарынын суммасын төрт-алты эсе азайтуу;
  • салык кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан азыркы учурда эсеп-фактура бланктарын, кошумча нарк салыгын төлөтүп\кайтарып алуу процедурасынан өтүүдө коюулуп жаткан мыйзамсыз кошумча талаптарды жокко чыгаруу;
  • Кошумча нарк салыгы боюнча мыйзмсыз эсептин кабыл алынбастыгына жогорку деңгээлдеги кепилдиктерди камсыздоо;

  • эсеп-фактураларынын жалган номерлери жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн качкандардын статусу алмашкандыгы туурасында маалыматты токтоосуз алуу.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кошумча нарк салыгы боюнча жалган ишкерлерди каттоого бөгөт болуп, аны көтөргөндөгү сумманын ордун эркин төлөтүп же кайтарып алууга мүмкүндүк берет жана тыкыр эсепке алына турган кагаз бланктардын ордуна эсеп-фактураларынын электрондук номерлерин алууну жөнгө салат деп белгилешти маалымат кызматынан.

Жаңылыктар түрмөгү
0